Кыргыз-Швейцариялык банкы Бишкек мэриясына 1,7 млн сомго «Клексан»дарысын берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясынын алкагында каржы уюму борбор калаанын мэриясына 1 миллион 776 миң сом суммасына «Клексан» дарысынын партиясын өткөрүп берди.
Дээрлик 3 миң 220 инъекция шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына тапшырылды, ал жактан дары-дармек №1, №6 шаардык ооруканаларына, №2 төрөт үйүнө жана шаар тургундары үчүн Свердлов жана Ленин райондорундагы күндүзгү стационарларга бөлүштүрүлдү.