Кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

11.03.2022, 11:38 Акчабар
Кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин башкы директору Патриция Данци жетектеген Швейцария конфедерациясынын делегациясын кабыл алды жана соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жапаров швейцариялык делегацияны эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктады.

«Швейцария республикабыз үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш бойдон калууда. Биз Швейцариянын өлкөбүздөгү демократияны, рынок экономикасын жана анын социалдык өнүгүүсүн калыптандыруудагы көмөгүн жогору баалайбыз», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Швейцариянын делегациясына жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ал Швейцария Конфедерациясынын өкмөтү тарабынан Кыргызстан менен экономикалык кызматташуунун орто мөөнөттүү жаңы программасынын бекитилишин кубаттады жана кыргыз тараптын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана программаларды ар тараптуу колдоого даярдыгын ырастады.

Жапаров кыргыз-швейцариялык мамилелерин чыңдоо максатында 2022-жылы КР президентинин Швейцария Конфедерациясына расмий сапарын уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде делегациянын башчысы Патрисия Данци белгилегендей, Швейцария конфедерациясы Кыргызстан менен достук мамилени жогору баалайт жана Швейцариянын өлкөнүн социалдык-экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүнө, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын туруктуулугун, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоодо, ошондой эле КР министрлер кабинетинин ишиндеги башка артыкчылыктуу багыттарына колдоо көрсөтүү максатында кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады.

Тэги: Акылбек Жапаров Патриция Данци

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу