"Кыргыз Темир Жолунун" кызматкери мыйзамсыз вагон сатууга шектелип, камакка алынды

29.10.2020, 15:20 Акчабар
"Кыргыз Темир Жолунун" кызматкери мыйзамсыз вагон сатууга шектелип, камакка алынды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер  боюнча башкармалыктын жетекчиси Канат Жетенбаев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган бөлүм башчы, башка адамдар менен биригип алып, жеке пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз аралап сатып келишкен. Мунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири көлөмдө материалдык чыгым келтирилген.

Финполдон кошумчалагандай, ишкананын балансындагы керектен чыккан мүлк мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун макулдугу менен гана жок кылынат.  Бирок фонд менен эч кандай макулдашуу болгон эмес.

Эртең, 29-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуЖетенбаевдин баш коргоо чарасын карайт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу