“Кыргызавтомаштын” акционерлери 14-апрелдеги жалпы жылдык чогулушта компаниянын 2022-жылга консолидацияланган таза кирешесинин 25%ын дивиденддерди төлөөгө бөлүү чечимин кабыл алышты.
"Кыргызавтомаштын" маалыматы боюнча, 2022-жылы акционердик коомдун консолидацияланган таза кирешеси 621 миллион 357 миң 610,75 сомду түздү.
"Кыргызавтомаштын" консолидацияланган таза кирешесинин 25%ы 155 млн 339 миң 402,69 сомду түзөт. Муну менен бир акцияга дивиденддер 6 615,54 сомду түздү", - деп түшүндүрүштү компаниядан.
Компания бардык дивиденддерди ушул жылдын 12-августуна чейин төлөөнү пландаштырууда.