Калкка көмүр сатуу октябрь айында башталат

13.09.2021, 17:04 Акчабар
Калкка көмүр сатуу октябрь айында башталат

Кыргызстанда калкка көмүр сатуу октябрдын башында башталат. Мындай чечимди "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчиси Мирлан Жакыпов кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Жакынкы 10-15 күндүн ичинде аба ырайы ачык жана жаан-чачынсыз болот. Тоо-кен тармагында иштеген инженерлердин жана адистердин кеңеши боюнча Кара-Кечеде тазалоо иштерин улантуу чечими кабыл алынды",-деп түшүндүрдү "Кыргызкөмүрдүн" басма сөз кызматы.

Жакыповдун айтымында, жаңы графиктин аркасында күн сайын республиканын түндүгүнө 10 миң тонна көмүр жеткирүүгө мүмкүн болот. Бул чечим көмүр айдоочулар үчүн да ыңгайлуу.

Ал кошумчалагандай, бул чечим борбордун ЖЭБине таасирин тийгизбейт, анда көмүр жеткирүү график боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

 

Тэги: уголь ГП "Кыргызкомур"

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу