«Кыргызнефтегаз» акционерлердин дивиденддерин так баалабай койгон

13.03.2023, 09:45 Акчабар
«Кыргызнефтегаз» акционерлердин дивиденддерин так баалабай койгон

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун 2021-жылга карата ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында 3 млн 736,6 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Мындай тыянакты Эсеп палатасынын аудиторлору чыгарышты.

Тактап айтканда, кармап калууга жатпай турган чыгашалар негизсиз чегерилгендиктен, акционерлердин дивиденддери 3 млн 618,8 миң сомго кем бааланган.

"Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгын кароонун негизинде Эсеп палатасынын кеңеши дивиденддердин бааланбай калган суммасын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө буйрук чыгарды", — деп билдирди биргелешкен ишкананын басма сөз кызматы.

Кошумчалай кетсек, мамлекет “Кыргызнефтегаздын” негизги акционери. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматына ылайык, компаниянын уставдык капиталынын 85,16%ына мамлекет ээлик кылат.

Тэги: новости Кыргызстана Кыргызнефтегаз дивиденды государство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу