"Кыргызнефтегаз" ААКнын 2022-жылга карата таза кирешеси 3,4 миллиард сомдон ашты. Бүгүн, 28-апрелде акционерлер дивиденддерди төлөөгө таза пайданын 25% бөлүүнү чечишти, - деп маалымдайт Кыргыз фондулук биржасы.
Бул бир акцияга 35,42 сомду түзөт. Дивиденддерди төлөө 2023-жылдын 1-сентябрында башталат.
Эске салсак, 2021-жылы компаниянын таза кирешеси 2 миллиард сомдон ашып, ал эми бир акцияга түшкөн дивиденд 25,92 сомду түзгөн.
Ошол эле учурда биржада “Кыргызнефтегаздын” акциялары менен акыркы бүтүмдөр бир акциянын баасы 250 сомдон катталган.