Кыргызстандык балчылар Украин институту менен меморандум түзүштү

08.06.2021, 17:30 Акчабар
Кыргызстандык балчылар Украин институту менен меморандум түзүштү

Киевде өткөн айыл чарба боюнча кыргыз-украин бизнес форумуна Кыргызстандан ондон ашык ишкерлер катышты. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясы билдирди.

Бизнес ассоциация JIA Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө, ал эми украин тарап суу ресурстары жана айыл чарбасы боюнча презентация жасады.

Кыргыз-украин бизнес форумунун жыйынтыгы боюнча кыргыз балчылары Украинанын аарычылык институту менен меморандумга кол коюшту.

Форумдан кийин ишкерлер украиналык кесиптештери менен өз тармактарында бетме-бет жолугушууларды өткөрүштү.

Тэги: пчеловодство меморандум бизнес-форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу