Венгр форинти, жаңы түрк лирасы, поляк акчасы, ал түгүл швед кронунун курсу кыргыз сомуна карата солгундап кетти. Бул тууралуу улуттук банктын маалыматынан белгилүү болду.
Ушул жылы 19-июндан 25-июнга чейин форинт 4,5% га, ал эми швед крону 3,47% га алсырады. Жалпысынан, кыргыз сомуна карата арзандаган валюталардын тизмесине 27 акча бирдиги кирет.
Ошол эле учурда, Армениялык драм сомго карата позициясын 1,01% га бекемдеди. Азербайжан манаты, дирхам, тажик сомониси, саудиялык риал жана түркмөн манаты (+0.01) дагы бир аз өссө, грузин лари жана бразилиялык реал тиешелүүлүгүнө жараша 0,09% жана 0,95% га кымбаттаган.