Кыргыз сому дүйнөнүн 38 валютасынын 20сына карата бекемделди

07.03.2023, 10:07 Акчабар
Кыргыз сому дүйнөнүн 38 валютасынын 20сына карата бекемделди

Жума күнү, 3-мартта Кыргызстандын Улуттук банкы ушул жумага карата чет элдик валютанын сомго карата расмий курсун салттуу түрдө 38 деп белгиледи. Такталган маалыматтарга караганда, сом дүйнөлүк 38 валютанын 20сына караганда күчтүү болуп чыкты.

Баарынан да сом пакистандын рупийине карата - 6,19%, бразилия реалына - 1,22% жана жапон иенине - 1,01% кымбаттады.

Ошол эле учурда сом эң көп венгриялык форинтке - 1,14%га, грузин ларисына - 1,1%га жана чех кронасына - 0,98%га арзандады.

Улуттук банк күнүмдүк курстарын эсептеп турган валютага келсек, сом еврого карата 0,2%га алсырап, ал эми теңгеге жана рубльга карата 0,39% жана 0,08%га бекемделди. Ал эми доллардын курсу мурдагы деңгээлде — 87,42 сомду түздү.

Тэги: новости Кыргызстана сом валюты мира курс валют деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу