Кыргызстан менен Канаданын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

26.05.2020, 09:15 Акчабар
Кыргызстан менен Канаданын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 25-майда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампан менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Эл аралык финансы институттарынын алдындагы КРнын карыздык оорчулугун жеңилдетүү маселеси өзүнчө талкууланды. Министр Ч.Айдарбеков бул багытта көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн канада тарабына ыраазычылык билдирди. Тажрыйба алмашуу үчүн, COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз тартылган эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү планында ошондой эле өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, гуманитардык байланыштарды колдоого алуу жолдору каралды. Алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиги талкууланды.

Министрлер эки өлкөнүн эл аралык демилгелерин дагы карап чыгышты.

Тэги: ТИМ Кыргызстан Канада

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу