Кыргызстан Абу-Даби өнүктүрүү фондуна ипотеканы каржылоону сунуштады

04.03.2022, 09:21 Акчабар
Кыргызстан Абу-Даби өнүктүрүү фондуна ипотеканы каржылоону сунуштады

Абу-Даби өнүктүрүү фондуна Кыргызстан менен Мамлекеттик ипотека программасы боюнча кызматташуу сунушталды. Бул тууралу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапардын алкагында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун Башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувэйди менен жолугушуусу болуп өттү.

Тышкы саясат ведомствосунун башчысы КР менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүү максатында Кыргызстандын Абу-Даби Өнүктүрүү Фонду менен эки тараптуу кызматташтыгын арттыруунун актуалдуу маселелерин талкуулады. Тактап айтканда, маселелер комплексинин арасында эмират тараптын көңүлүн потенциалдуу кызматташтыктын төмөнкү предметтик долбоорлоруна бурду.

1. «Мамлекеттик ипотекалык компания» (МИК) долбоору аркылуу жеткиликтүү ипотекалык турак жай курууну ишке ашыруу, ага жалпы 300-500 млн АКШ доллары керектелет. Эмират тараптын МИК аркылуу кызматташууну карап чыгууга алдын ала даяр экендигин эске алуу менен, кыргыз тарап аталган долбоор боюнча документтердин пакетин берди.

2. Энергетика тармагындагы алардын олуттуу потенциалын эске алуу менен чакан ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү боюнча кызматташуу.

3. Абу-Даби Өнүктүрүү Фонду менен биргеликте төмөнкү келечектүү багыттар боюнча бир катар пилоттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин иштеп чыгуу сунушталды:

  • Ысык-Көл туристтик зонасында ири объекттерди куруу;
  • Талас облусунда жаңгак, буурчак, КРнын облустарында эт жана сүт, топоз өстүрүү (экологиялык эт жана сүт азыктары, жүн), балык жана канаттууларды өстүрүү, айыл чарба тоютун өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана консервациялоо;
  • КРнын бардык региондорунда соода-логистикалык борборлор тармагын куруу.

Бул контекстте Фонддун жетекчилигинин кароосуна инвестициялык долбоорлордун пакети берилип, БАЭден потенциалдуу инвесторлор үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүү жана жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кыргыз тараптын даярдыгы айтылды. Өз кезегинде Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун башкы директору кыргыз тараптын долбоорлорун изилдөөгө жана аларды предметтик талкуулоо үчүн БАЭнин эксперттер делегациясын Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр экендигин маалымдады.

Тэги: ТИМ. Абу-Даби өнүктүрүү фонду МИК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу