Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди

23.03.2020, 15:30 Акчабар
Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди

Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ошентип, тиркелген тизмеге ылайык алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет.

Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын тизмеси:

Товарлардын аталышы

1

Буудай жана меслин 

2

Буудай уну 

3

Өсүмдүк майы 

4

Күрүч

5

Макарондун түрлөрү 

6

Шекер 

7

Тоок жумурткасы 

8

Тамак-аш үчүн йоддолгон туз

9

Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)

10

Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар

11

Дезинфекциялоочу каражаттар

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө. 

Токтом кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет. 

 

Тэги: Кыргызстан айрым товар чектөө киргизилди

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу