Кыргызстан БАЭ менен уставдык капиталы 100 млн долларлык холдинг түзөт

10.02.2023, 11:05 Акчабар
Кыргызстан БАЭ менен уставдык капиталы 100 млн долларлык холдинг түзөт

Кечээ, 9-февралда парламент жыйынында Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды. 

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында биргелешкен холдинг компаниясынын уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт. 

“Аталган холдинг долбоорлорду нөлдөн баштап каржылоо, токтоп турган ишканаларды активдештирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо, насыя берүү аркылуу коммерциялык бизнес долбоорлоруна инвестиция салуу максатында иштейт”, - деди ал. 

Амангелдиевдин айтымында холдингдин директорлор кеңеши 5 мүчөдөн турат. Алардын үчөөсү Эмираттан, экөөсү Кыргызстан тараптан болот. Аталган холдинг компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында жайгашат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу