Былтыр Кыргызстан дарыканаларда чекене сатууга арналган дары-дармектердин импортун 35 эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айына карата тышкы жана өз ара соода боюнча отчетунда айтылат.
Статистика боюнча, аталган мезгил ичинде республикага 296,8 миң тонна дары-дармек ташылып келинген. Мурунку 2021-жылы өлкөнүн фармацевтикалык компаниялары 8,5 миң тоннага жакын дары сатып алышкан.
Дарылардын 87%дан ашыгы Македониядан келген. Бул ташылып келинген дарылардын 259,5 миң тоннасын түзөт. Бул 2021-жылдын 11 айына салыштырмалуу 215 эсеге көп.
Ал эми Беларуссиядан Кыргызстанга 29,5 миң тонна таңгакталган дары-дармектер (дээрлик 10%) келген. Жеткирүү боюнча үчүнчү орунду Өзбекстандын өндүрүүчүлөрү ээлеп, Кыргызстанга 2,6 миң тонна же жалпы кирешенин 0,9% экспорттошкон.
Ошол эле учурда Кыргызстанга Греция, Египет, Ирландия, Испания, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Чехиядан дары-дармектердин импорту 2 % жана андан көп, Франциядан 1,5 эсеге, Польшадан 27% жана Германиядан 8 % өскөн.