Кыргызстан жылына 2,4 млн тонна гана көмүр казып алат

19.05.2021, 15:20 Акчабар
Кыргызстан жылына 2,4 млн тонна гана көмүр казып алат

Бүгүнкү күндө Кыргызстан жылына 2,4 миллион тонна гана көмүр өндүрөт. Бул тууралуу техникалык илимдердин доктору Арстанбек Асанов Бишкекте көмүрдү кайра иштетүү технологияларын өнүктүрүү боюнча тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, коңшу Казакстандагы орточо бир шахта ушунча өндүрөт.

“Республиканын түндүк бөлүгүндө өзгөчө көмүр тартыштыгы бар, жетишсиздиги 500 миң тоннаны түзөт, биз аны Казакстандан ташып келебиз. Биз көмүрдү гана эмес, газды жана мазутту дагы ташып келебиз”, - деди ал.

Асанов Өзгөн көмүр бассейнинин аймагында баалуу калориялуу көмүр кендери бар экендигин кошумчалады.

“Келечекте өндүрүшкө жарактуу бир нече ири кендер бар. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ал жерде жалгыз Көк-Янгарская шахтасы иштеп, эч нерсе өндүрбөйт”, - деди ал.

Тэги: бурый уголь уголь Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу