Кыргызстандын мамкарызынын жалпы суммасы 4.5 млрд доллар, анын дээрлик 3.7 млрд доллар суммасы мамлекеттик тышкы карызды түзөт. Анын ичинен 1 млрд 712 млн доллар Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына карыз. Бул маалыматты каржы министрлиги билдирет.
Экинчи орунда Кыргызстан дүйнөлүк банкка - 649 млн $, Азия Өнүктүрүү банкына - 563 млн $ карыз. Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине 239 млн $ төлөөсү керек.
Андан сырткары, Эл аралык валюталык фондуна болгон карыз 147 млн $ көбөйгөн. Турцияга 93 млн $ жана Ислам өнүктүрүү банкына - 91.4 млн $ карыз.