Кыргызстан 28 өлкөгө буурчак экспорттойт

05.01.2023, 09:09 Акчабар
Кыргызстан 28 өлкөгө буурчак экспорттойт

Кыргызстан 2021-жылдын январь-октябрь айларында 28 өлкөгө 4 миллиард 978 миллион 556 миң сомго 66 миң 1,8 тонна дан буурчак экспорттоду. Бул 2020- жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 миң 88 тоннага жана 1 миллиард 483 миллион 686,2 миң сомго көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин сайтына жарыяланды. 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, буурчак өсүмдүктөрүнүн көбү Ооганстанга экспорттолгон. Анын жалпы суммасы 1 миллиард 87 миллион сом. 
Ошондой эле, Кыргызстан Россияга (836 млн 17,7 миң сомго), Түркияга (829 млн 393,1 миң сомго), Сирия Араб Республикасына (523 млн 969 миң сомго), Ливанга (526 млн 14,1 миң сомго), Иранга (232 млн 226,9 миң сом) жана Азербайжанга (108 млн 153 миң сомго) буурчак өсүмдүктөрүн экспорттогон.

Македонияга (93 млн 466,5 миң сомго), Болгарияга (79 млн 391,1 миң сомго), Грузияга (48 млн 383 миң сомго) жана Өзбекстанга (29 млн 45,3 миң сомго) буурчак өсүмдүктөрүн азыраак жеткирүүлөр болгон.

Кыргызстан 20 миллион сомдон ашпаган суммага Индияга, Абхазияга, Арменияга, Белоруссияга, Босния жана Герцеговинага, Казакстанга, Латвияга, Литвага, Молдовага, Пакистанга, Польшага, Румынияга, Словенияга, Түркмөнстанга, Украинага, Хорватияга дан өсүмдүктөрүн экспорттогон.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы Кыргызстандан Албания, Черногория, Чехия, Ирак, Голландия, Швейцария жана Тажикстанга буурчак өсүмдүктөрүн экспорттоо токтотулган.

 

Тэги: новости Кыргызстана экспортные поставки бобовые овощи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу