Кыргызстан менен Корея биргелешип текстиль продукциясын чыгарууга ниеттенүүдө

25.08.2022, 09:52 Акчабар
Кыргызстан менен Корея биргелешип текстиль продукциясын чыгарууга ниеттенүүдө

Кыргызстан менен Түштүк Корея биргелешип кореялык технология менен кездеме буюмдарын чыгарууну көздөп жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Учурда Кыргызстандын делегациясы Кореяда болуп, алардын алдыңкы текстиль ишканаларын кыдырып, алдыңкы тигүү технологиялары менен таанышып, эл аралык текстиль көргөзмөсүнө катышууда. Делегациянын курамында Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов, "Кыргыз өнөр жай" ААКнын президенти Жарасул Абдураимов жана Кыргызстандын тигүү жана текстиль ишканаларынын өкүлдөрү бар.

Ошондой эле, бул иш сапардын алкагында Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов Боёк жана дизайн технологиялары институтунун президенти Хонг Сан Му менен жолугушканы маалымдалды.

"Жолугушууда министрдин орун басары "Кыргыз Республикасында 2024-2028-жылдарга туруктуу жеңил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү" гранттык долбоорун илгерилетүүгө үмүттөнөрүн билдирди. Жалпысынан 8 млн долларды түзгөн долбоор Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин көмөгү менен Кореянын илимий институттары менен биргеликте даярдалып, кореялык тараптын кароосунда турат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми сапар, Кыргызстан-Корея технологиялык консультациялар жана текстиль өнөр жайын окутуу гранттык долбоорунун алкагында болду.

Тэги: швейная индустрия текстильная промышленность легпром Южная Корея грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу