Кыргызстан менен Орусия ЕАЭС интеграциясы боюнча мамилени чыңалтат

17.01.2020, 14:30 Акчабар
Кыргызстан менен Орусия ЕАЭС интеграциясы боюнча мамилени чыңалтат

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүү учурунда, Мухаммедкалый Абылгазиев евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Дмитрий Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Россия Федерациясын өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгын келечектүү тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-россия алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

 

 

    Тэги: ЕАЭС Россия

    Еженедельные дайджесты Акчабар

    Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

    Акчабар iPhone үчүн

    • Курсы валют в Бишкеке
    • Жаңылыктар жана аналитика
    • Банкоматтардын картасы
    Жабуу

    Акчабар Android үчүн

    • Курсы валют в Бишкеке
    • Жаңылыктар жана аналитика
    • Банкоматтар менен кассалардын картасы
    Жабуу