Кыргызстан менен Швейцария $968 миңге келиши түзүштү

16.07.2019, 15:52 Акчабар
Кыргызстан менен Швейцария  $968  миңге келиши түзүштү

Кыргыз Өкмөтү менен Швейцариянын Федералдык Кеңеши экономикалык кызматташуу боюнча  меморандумга кол коюшту.  «Жашылча жемиштерди экспорттодогу стандартарды сактоо жана коушча бааларды көбөйтпөй чакан жана орто бизнести кеңейтүү» тууралуу келишимдерге кол коюлду. 

 Швейцариянын Федералдык Кеңеши долбоор үчүн кайтарымсыз максималдуу  $968.18 миң каражатты 2019 -жылдан 2022-жылга чейинки аралыкка берүүдө. 

Долбоордун максаты:

  • жашылча-жемишти экспорттодогу стандарттарды жана сапаттарды сактоо менен кошумча бааларды аныктап,  улуттук  атаандаштькты күчөтүү;
  • чакан жана орто бизнеске шарт түзүү;
  • улуттук сапаттын талаптарын жакшыртуу.

Долбоор төмөндөгү жыйынтыктарга жетишүү үчүн аракет жасайт:

  1. Жашылча-жемишти экспорттодогу стандарттарды жана сапаттарды сактоо менен кошумча бааларды аныктап, улуттук  атаандаштькты күчөтүү жана инфраструктураларды кеңейтүү.
  2. Чаакан жана орто бизнестин кудуретин күчөтүү аркылуу жер-жемиштерге карата эл аралык стандарттар менен сапаттын талаптарына жооп берүү аркылуу кошумча бааларды  аныктоо.
  3. Жашылча жемиште кошулган баалар боюнча элдин маалыматын кеңейтүү.

Меморандум КР президенти  Сооронбая Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына жасалган расмий иш сапарында коюлган.

Тэги: Швейцария Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу