Премьер-министр Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар талкуулаган темалардын бири токой өрттөрүнөн улам Түркияда жарыяланган өзгөчө кырдаалдан улам 6-7-августта өтпөй калган бизнес форумдун жаңы датасы болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын жаңы мөөнөтүн талкуулашты.
Бирок кыргыз-түрк бизнес форумунун жаңы датасы азырынча жарыялана элек.