Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Алар эки тараптуу диалогду мындан ары чыңдоонун, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун алкагында, 2022-жылга саясий консультацияларды өткөрүү, иш-чаралардын графигин жана байланыштарды даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Мындан тышкары, соода-экономикалык өз ара аракеттенүү маселелерин илгерилетүү максатында Кыргызстан менен Украина экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-украин өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, бизнес-форумдарды уюштуруу, түз авиакаттамдарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.