Эмил Осмонбетов: «Кыргызстанды жашыл энергетика өлкөсү деп атаса болот»

19.02.2020, 10:30 Акчабар
Эмил Осмонбетов: «Кыргызстанды жашыл энергетика өлкөсү деп атаса болот»

Мамлекеттик энергетика, өнөр жай жана жер байлыктарын колдонуу комитетинин жетекчиси Эмил Осмонбетов Кыргызстанды жашыл энергетикалык өлкө деп атады. Бул тууралуу ал бүгүн,  19-февралда Бишкекте эл аралык конгресстин алкагында өтүп жаткан «Гидроэнергетика Борбор Азия жана Каспий 2020»  көргөзмөсүнүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө кризис жана климаттын өзгөрүшү коркунучу бар. Мунун баары жашыл энергетикалуу заманбап саясатын курууну шарттайт.

«Жашыл энергетиканы өндүрүү өлкөнүн өнүгүшүндө приоритеттүү багыттарынын бири болушу керек, анткени биз нефть азыктарына көз карандыбыз. Кыргызстанды жашыл энергетикалуу өлкө деп атоого болот, анткени анын 90 пайызы гидроэнергетика аркылуу өндүрүлөт»,-деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал акыркы жылдары өлкөдө ГЭС куруу жана энергия алуудагы кубаттуулук булактарын күчөтүү боюнча бир катар чаралар кабыл алынгандыгын белгиледи.  Анын ою боюнча, мунун баары өлкөнүн энергетикалык коопсуздук маселелерин чечүүгө жол берген.

Өз кезегинде Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров аталган иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткандыгын жана ал жаңы кызматташуу жолдорун ачууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.

«Мындай иш-чараны өткөрүү энергетиканы өнүктүрүүгө жаңы түрткү берет. Бүгүнкү күндө энергетиканын ролу өсүүдө, өнөржай өндүрүшү көбөйүүдө, санариптештирүү жүрүп жатат, уюлдук байланыш жашообуздан бекем орун алды. Анын баардыгын энергетикасыз ишке ашырууга болбойт. Гидроэнергетика-бул стратегиялык тармак. Энерготутумдун туруктуу иши- экономиканын маанилүү бөлүгү.  Биз бир катар долбоорлорду ишке ашырып, станцияларды курууга инвестицияларды тартуудабыз. Долбоорлорду комплекстүү билимсиз ишке ашыруу мүмкүн эмес»,- деди ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу