Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандайт

13.03.2020, 11:45 Акчабар
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандайт

Кыргызстанда март айынын экинчи бөлүгүндө күйүүчү майдын баасы 1,5-2%га арзандайт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Ассоциациядан билдиришкендей, апта башында, дүйшөмбү күнү мунай баасы бир топ түшкөндөн кийин, шейшемби күндүн жыйынтыгы менен алдыңкы дүйнөлүк биржаларда анын баасы бир аз көтөрүлгөн.

«Маалыматка ылайык россиялык мунайзат рыногунда күйүүчү майдын дүң баасынын бир аз төмөндөгөнү байкалат. Жогоруда айтылган жагдайлардан жана сомго карата доллардын курсунун кескин өсүшүн эсепке алганда март айынын экинчи бөлүгүндө Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда баалар 1,5-2%га арзандайт», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Кыргызстан март айы күйүүчү май

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу