Кыргызстан Кытай менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

09.11.2021, 16:40 Акчабар
Кыргызстан Кытай менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Анда эки тараптуу көп багыттуу кызматташтыктын маселелери талкууланды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири катары карайт жана өз ара кызыкчылык туудурган соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

"Биз товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуубуз зарыл. Министрлер кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр", - деди Акылбек Жапаров. 

Ду Дэвэнь өз кезегинде ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтулгандыгын билдирип, эки өлкө ортосунда өз ара ишеним жана өз ара аракеттешүү орнотулгандыгын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кыргыз айыл чарба продукциясын КЭР рыногуна экспорттоо, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жогорулатуу, "Түндүк-Түштүк" унаа жолунун курулушун жыйынтыктоо жана кытай өкмөтү тараптан шаардын унаа жолдорун реконструкциялоо жана ирригацияга берилген гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшү маселелерин талкуулады.

Тэги: Кытай инвестиция элчи минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу