Кыргызстан менен АКШ биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин талкуулашты

20.01.2023, 11:08 Акчабар
Кыргызстан менен АКШ биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

“Аймактык коопсуздук, Кыргызстанга америкалык компанияларды тартуу аркылуу соода-экономикалык кызматташуу, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү жана USAID аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду”,- деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу