Кыргызстан менен Монголия экономикалык кызматташтыкты талкуулады

02.03.2022, 14:15 Акчабар
Кыргызстан менен Монголия экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстандык адистерди Монголияга кошумча нарк салыгын кайтаруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө үчүн жөнөтүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев менен Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушууда талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу сооданын деңгээли 2021-жылы 1 миллион 760 миң долларды түзгөн учурдагы потенциалга жооп бербей турганын белгилешти.

Ошондой эле КНСти кайтаруу боюнча Монголиянын мыкты тажрыйбасын изилдөө жана кассалык чектер боюнча кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү үчүн Монголияга кыргызстандык эксперттерди жөнөтүү жаатында кызматташууну түзүү жана улантуу маселесин талкуулашты.

Муну менен бирге саламаттык сактоо, маданият, туризм жана ишкердик тармактарында кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

 

Тэги: Монголия экономика КНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу