Кыргызстан менен Түркия бажы коридорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча протоколго кол коюшту

29.03.2022, 16:55 Акчабар
Кыргызстан менен Түркия бажы коридорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтү бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Түркиянын Анкара шаарында өткөн Кыргызстан жана Түркиянын  бажы администрациясынын Биргелешкен бажы кеңешинин биринчи отурумунда жогоруда аталган протоколго кол койууга жетишилген. Отурумга Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жана Түркиянын Соода министрлигинин орун басары Рыза Туна Турагай катышты.

“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы ишмердигинин келечектүү багыттары жөнүндө эки тараптуу кызматташууунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Негизинен, эки өлкөнүн бажы кызматын өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери талкууланды, Кыргызстандын жана Түркиянын ортосундагы өза ара соода жөнүндө маалымат алмашуу, кинология борборлорунун кызматкерлерин окутуу чөйрөсүндө кызматташуу, укук коргоо ишмердиги, Түркия бажы кызматынын оперативдүү башкаруу борборунун иштеши жана товарларды жана транспорт каражаттарды башкарууда заманбап технологияларын колдонуу”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Министрлер кабинети менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда эки өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөн товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат алмашуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

Тэги: бажы коридору Кыргызстан-Түркия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу