Кыргызстанда музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды

21.05.2020, 09:20 Акчабар
Кыргызстанда музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды

Кыргызстандагы маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

 

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.

Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80%га жогорулатуу орун алган.

Тэги: Кыргызстан музей кызматкерлери эмгек акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу