Кыргызстан Иранга товар экспортун көбөйтөт

04.11.2019, 09:17 Акчабар
Кыргызстан Иранга товар экспортун көбөйтөт

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасына) иш сапар менен барган КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн маданий жана тарыхый байланыштарын, ошондой эле кыргыз-иран мамилелеринин потенциалын эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери талкууга алынды.

Анын ичинде Иранга айыл чарба жана мал чарба продуктуларын ташуу көлөмүн көбөйтүү келечеги талкууланды. Мындан тышкары тараптар газ, мунайзат, транспорттук-логистикалык, туризм чөйрөлөрүндө, жарандык авиация жаатында алака түзүү боюнча пикир алышышты.
Соода жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын азыркы дараметине жана мүмкүнчүлүктөрүнө толук кандуу жооп бербестигин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев жана Эсхак Жахангири тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине биргелешкен иштерди активдештирүүнү тапшырышты.

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди ыңгайлуу учурда Иранга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тэги: Иран Кыргызсан экономическое сотрудничество товарооборот экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу