Кыргызстанда сүт жана жумуртка өндүрүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүнөн ашты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Алсак, Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүүнүн өсүшү 2,1%ды, тооктун жумурткасынкы 7,9%ды түздү.
Антсе да, өлкө бул менен мактана албайт.
Быйыл тогуз айда Кыргызстанда 1 миллион 352,9 миң тонна сүт жана 478,7 миллион даана тоок жумурткасы өндүрүлгөн.