Кыргызстан ЕЭК менен ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктарды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

29.01.2021, 09:25 Акчабар
Кыргызстан ЕЭК менен ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктарды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков  Евразия экономикалык комиссиясынын  Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле ЕЭК тарабынан ЕАЭБ ичиндеги өз-ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Тараптар экономикалык, өнөр жай жана айыл чарба кооперациясы долбоорлорун ишке ашыруу жана бул жаатта кызматташуу тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Алматы  шаарында өтүүчү ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жана өкмөттөр аралык кеңешинин күн тартибинин маселелери талдоого алынды.

 

 

Тэги: ЕЭК ЕАЭС торговля

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу