Кумтөрдүн дүң кирешесинен салыктык түшүүлөр 2023-жылы 13 млрд 14 млн сом, 2024-2025-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша 13 млрд 881,7 млн сом жана 14 млрд 622,4 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда. Бул тууралуу республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.
Эсептөө келишимде аныкталган дүң кирешенин 13% өлчөмүндө Кумтөрдүн 2023-2025-жылдарга болжолдонгон өндүрүшүнүн көлөмүнө негизделген.
Мындан тышкары, 2023-2025-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүндө Кумтөр кенинин дүң кирешесинин 4% өлчөмүндө Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү үчүн жылдык сумма каралган.
"Бул жылдык сумманын түшүүсү 2023-2025-жылдарга тиешелүүлүгүнө жараша 3 миллиард 234 миллион сом, 4 миллиард 4 миллион сом жана 4 миллиард 271 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда", — деп жазат Каржы министрлиги.
Алсак, 2023-жылы Кумтөрдөн бюджетке түшүүчү жалпы киреше, дүң кирешеден алынуучу салык жана 4% минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө 16 млрд 248 млн сомду түзөт.
Кошумчаласак, 2022-жылдын жети айында эле Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине Кумтөрдөн минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү үчүн жылдык сумма түрүндө 15 миллиард 557,7 миллион сом түшкөн.