Кыргызстанда Starlink ачуу пландалууда

28.06.2021, 16:27 Акчабар
Кыргызстанда Starlink ачуу пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын жана санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин чакыруусу менен SpaceX командасы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

25-26-июнда SpaceX командасы Starlink глобалдык кең тилкелүү долбоорунун алкагында Кыргызстанга келип кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар жетүүгө кыйын болгон жерлерде, социалдык объектилерде жана республиканын алыскы аймактарындагы мектептерде, ошондой эле калктын аялуу катмарында жогорку ылдамдыктагы кең тилкелүү Интернетти камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, инновациялык санарип долбоорлорун илгерилетүү максатында Кыргызстанда Starlinkтин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча процедуралык маселелер каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында SpaceX техникалык талаптардын тизмеси боюнча кошумча маалымат сурап, дүйнөлүк Starlink долбоорунун алкагында мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимге жетишти.

 

Тэги: Starlink

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу