Кыргызстан «Мегаком» иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто утуп алды

11.10.2021, 17:37 Акчабар
Кыргызстан «Мегаком» иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто утуп алды

Министрлер кабинетинин соттук өкүлчүлүк борбору ушул жылдын 8-октябрында акыркы арбитраждык чечим Penwell Business Limited компаниясынын Кыргыз Республикасына каршы чыгарылганын билдирди. Ага ылайык, доогердин 298 миллион доллар өлчөмүндөгү компенсация талаптары арбитраждык сот тарабынан толугу менен четке кагылды.

Тактап айтканда, арбитраждык сот Кыргызстанга инвестиция салууда доогер жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы менен да, түздөн-түз коррупциялык иштерге бир нече жолу кайрылган деген чечим чыгарган.

Министрлер кабинетинин соттук өкүлчүлүк борбору белгилегендей, бул эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында орун алган коррупциялык практиканын негизинде чет элдик инвестордун талаптары толугу менен четке кагылган биринчи окуя. Бул чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жасалган ак ниеттүү чет өлкөлүк инвестицияларга Кыргызстан ачык экенин көрсөтүүчү белги болот.

"Бул маанилүү жеңишке Минкабдын соттук өкүлчүлүк борборунун командасынын жана Кыргыз Республикасынын тартылган мыйзамдуу өкүлдөрүнүн - Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасынын жакшы координацияланган жана эффективдүү эмгегинин аркасында жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, доогер, оффшордук Penwell Business Ltd компаниясы 2017-жылдын июль айында республика доогердин БиМоКом ЖЧКсына (MegaCom соода маркасы) ээлик кылды деп, Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык сот өндүрүшүн баштаган.

Тэги: арбитраж Кыргызстан Penwell Business Ltd

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу