Кыргызстан Армениядан мунай продуктыларын ташууну дээрлик үч эсеге көбөйттү

17.01.2022, 12:15 Акчабар
Кыргызстан Армениядан мунай продуктыларын ташууну дээрлик үч эсеге көбөйттү

2021-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүү 10 млн 794,1 миң долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Ошону менен бирге эле 2020-жылдын ушул эле мезгилинде товар жүгүртүүнүн көлөмү болгону 5 млн 128,1 миң долларды түзгөн. Муну менен 110%га, же 2,1 эсеге өскөн. Ал Армениянын Кыргызстанга импортунун 2,3 эсеге же 4,6 млн доллардан 10,7 млнго чейин өсүшүнө байланыштуу.

Армениядан мунай продуктуларын ташуу импорттун жалпы өсүшүнө таасир эткен. Алсак, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга Армениядан мунай продуктуларынын импортоо 1,7 млн долларга же 5 миң 258,3 тоннага бааланган болсо, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 7,9 млн долларды же 14 миң 808,3 тоннаны түзгөн.

Тэги: нефтепродукты импорт Кыргызстан Армения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу