Кыргызстан мамлекеттик облигациялар боюнча 210 млн сомдук ички карызын төлөдү

17.08.2021, 09:44 Акчабар
Кыргызстан мамлекеттик облигациялар боюнча 210 млн сомдук ички карызын төлөдү

16-августка карата Кыргызстандын ички карызы мамлекеттик облигациялар аркылуу 59 миллиард 39 миллион 663,1 миң сомду түздү, бул үч күн мурунку көрсөткүчкө караганда 210 миллион сомго аз. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук банкы тарабынан берилди.

Ички карыз беш жылдык облигациялар боюнча, башкача айтканда 2016-жылы Кыргыз Республикасы алган кредиттер боюнча төлөнгөн. Ошентип, 13-августтан 16-августка чейин мамлекет 310 миллион сомго өз милдеттенмелерин төлөдү. Мында эки жылдык баалуу кагаздар менен алынган карыз 100 млн сомго көбөйгөн.

Белгилей кетсек, беш жылдык баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү орточо 19,47%ды түзгөн. Жалпысынан ушундай пайыз менен 495,3 миллион сом тартылган.

Тэги: внутренний долг деньги Кыргызстан экономика гособлигации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу