Кыргызстан мамлекеттик үч жылдык казына облигациялары боюнча 6 миллион сом карызын төлөдү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Бул үч жылдык мамлекеттик облигациялар 2019-жылдын 27-июлунда жайгаштырылган. Алардын кирешелүүлүгү жылына 8,9% түздү.
Кошумчалай кетсек, өлкөнүн баалуу кагаздар боюнча ички карызы 29-июлга карата 82 миллиард 551 миллион 436,8 миң сомду түзсө, анын 5 миллиард 535,5 миллион сому 3 жылдык облигацияларга туура келет.