Кыргызстан кредиторлорго 56,6 млн долларды төлөө мөөнөтүн жылдырды

11.11.2021, 13:46 Акчабар
Кыргызстан кредиторлорго 56,6 млн долларды төлөө мөөнөтүн жылдырды

Учурда Финансы министрлиги Карызды тейлөөнү токтотуу демилгесинин (DSSI) алкагында эки тараптуу кредиторлордун алдындагы республиканын тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча активдүү иш алып барууда.

Ушул жылдын 10-сентябрында министрлик Париж клубу менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон.

Ошентип, DSSI программасынын алкагында Кыргызстан Кытайга, Францияга, Германияга, Түркияга, Сауд Аравиясына жана Японияга төлөмдөрдү кийинкиге калтырды. Кийинки жылдарга өткөрүлгөн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 56,6 млн долларды түздү, анын ичинен бул сумманын 90,2%ы Кытайга болгон карызды реструктуризациялоого туура келет.

"DSSI программасынын алкагында стандарттуу шарттар бар, ошондуктан кредиторлорго карызды тейлөөнү кийинкиге жылдыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин эсептелет жана бардык кийинкиге калтырылган каражаттар бирдей үлүштө кийинки жылдарга өткөрүлөт, 6 жылдык мөөнөт, анын биринчи жылы жеңилдетилген", - деп билдирди Финансы министрлиги.

Министрлик мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо аркылуу жеңилдетүү боюнча чараларды көрүүнү уланта турганын баса белгиледи.

Тэги: долг реструктуризация отсрочка Кыргызстан экономика кредиторы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу