Кыргызстан ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты

24.12.2020, 13:20 Акчабар
Кыргызстан ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Евразия экономикалык комиссиясынын 2020-жылды жыйынтыктоочу кеңешине видеоконференция форматында катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жыйында 12 маселе каралып, ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин ортосунда ЕАЭБ мамлекеттеринде эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келишимдин ченемдерин колдонуу боюнча өз ара аракеттенүү тартиби бекитилди. Документ ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлерге пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча өз ара аракеттерин жөнгө салууга жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө пенсияларды экспорттоо механизминин маселелерин жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Жыйынтыктоочу отурумда ЕЭК Кеңешинин 2020-жылга карата ишинин оң динамикасы белгиленди. Белгилей кетсек, ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуу 2021-жылы Казакстанга өтөт.

 

 

Тэги: ЕЭК ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу