Кыргызстан Казакстандан жарандардын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салууну суранат

13.08.2021, 13:00 Акчабар
Кыргызстан Казакстандан жарандардын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салууну суранат

Кыргызстан Казакстандан Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасына кирүүсүнө чектөө чараларын алып салууну тездетүүнү суранат. Бул маселени КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргызстандагы  элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуу учурунда көтөргөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Чектөөлөрдү алып салуу эки өлкөнүн аймагы аркылуу жарандардын жана транспорт каражаттарынын эркин жүрүүсү жана транзити үчүн зарыл.

Соода -экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча тараптар Ишкер кеңешти активдештирүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода -логистикалык борборлорду түзүүнү тездетүү, ошондой эле товарлардын транзити боюнча пикир алмашышты.

Тэги: экономика транзит Казахстан снятие ограничений

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу