Кыргызстандын, ИӨБ, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы» долбоорунун ТЭН даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы „Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы“ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзамга ылайык, КР Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.