Мындан ары баалуу металлдардын кендерин мамлекет өзү иштетет. Бул тууралуу 23-октябрда президент Садыр Жапаров ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттары үчүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, анын тоо-кен тармагын реформалоо боюнча жарлыгынын алкагында “Жер казынасы жөнүндө кодекс” мыйзамынын долбоору иштелип чыккан жана аны кабыл алуу менен тоо-кен тармагындагы бардык мыйзамдар бирдиктүү документке бириктирилет, бул бардык карама-каршылыктарды жөнгө салат.
“Улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана өлкөбүздүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет өз кендерин өз алдынча иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алды жана бул багытта тиешелүү мыйзамга буга чейин кол коюлган. Биз өткөндү эмес, келечекти айтып жатабыз, - деди Садыр Жапаров. Ошондой эле, мындан ары жер казынасын пайдалануучулардын бардык рекультивациялык эсептери мамлекеттик банктарда топтолот".
Бул кендерди мамлекет тарабынан иштетүү үчүн Улуттук тоо-кен компаниясы, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.