Социалдык прогресстин индекси(The Social Progress Index)– булThe Social Progress Imperativeэл аралык изилдөө долбооруунун дүйнө жүзүнүн өлкөлөрүнүн жетишкендиктерин андагы коомдун социалдык прогресске жана бакубаттуулукка болгон көз карашына негизделген комбинацияланган көрсөткүчү.
Индекс коомдук пикирдин комбинацияланган маалыматтарынын негизинде (12 пайыз), өнүгүү тармагындагы эксперттердин баасында (25 пайыз) жана эл аралык уюмдардын статистикалык маалыматтарынын (61 пайыз) негизинде түзүлө тургандыгы айтылууда.
Тиги же бул өлкөнүн социалдык прогресс тармагындагы ийгиликтерин аныктоо үчүн чоң үч топко бириктирилген 50дөн ашуун көрсөткүч каралат:
Аталган рейтингде 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан 66.64 упай менен 149 орундун ичинен 81-син ээледи. Рэнкингде Кыргызстан Монголияны (83-орун), Кытайды (89-орун), Өзбекстанды (100-орун), Түркмөнстанды (106-орун) жана Тажикстанды (107-орун) артка калтырды, ал эми 69-орунда жайгашкан Казакстандан 12 сапка артта калды.
Индекс ар бир өлкөнүн жетишкендиктерин 0дөн (туруктуулуктун эң төмөн дэңгээли) баштап 100гө (туруктуулуктун эң чоң дэңгээли) чейин өлчөйт.
Кошумчалай кетсек, эң мыкты жыйынтыктар Норвегия, Дания жана Швейцарияга таандык.