Кыргызстанга Турциядан 351 жаран келди

24.04.2020, 14:00 Акчабар
Кыргызстанга Турциядан 351 жаран келди

2020-жылдын 24-апрелинде «Манас»  Эл аралык аэропортунда «Түрк Авиажолу» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 
 

Ушул чартердик каттам 2020-жылдын 10-апрелиндеги видеосаммиттин жүрүшүндөгү Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты. Саммиттин учурунда президент Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн Уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.

Тэги: аэропорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу