Өкмөт ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо жана коргоого багытталган иштерди күчөтөт

20.01.2020, 14:00 Акчабар
Өкмөт ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо жана коргоого багытталган иштерди күчөтөт

КР Өкмөтү Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринен такталбаган товарларды ташууну жоюу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо жана коргоого багытталган чараларды күчөтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мамлекеттик органдардын катышуусундагы кеңешмеде билдирди.

«Бүгүнкү күнү көптөгөн жоопкерчиликсиз салык төлөөчүлөр ЕАЭБ ичинде эркин товар жүгүртүү укугунан пайдаланып, товарларды, анын ичинде мунай продуктуларын тиешелүү документтерсиз жана кыйыр салык төлөө аркылуу ташып жатышат. Ташылган жүк боюнча так эмес маалыматтарды чагылдыруу фактылары бар. Кагазда товарлардын саны жана аталыштары башка, чындыгында таптакыр башка продукт ташышат. Кеп бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир берген такталбаган товарлар тууралуу болуп жатат. Муну менен бизнес чөйрөдө атаандаштыкка ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бүгүн парламенттик жана бизнес коомчулуктун колдоосунда такталбаган товар ташууларды жоюуга багытталган тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча тутумдуу иштерди жүргүзүүдөбүз», - деп баса белгиледи ал.

Анын айтымында, мындан тышкары салык кызматынын түзүмүндө белгиленген товарларды каттоо пункттарынын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кыла турган өзүнчө бөлүм түзүлдү;

- реалдуу убакытта ташылып келинген жүк тууралуу аймактык салыктык органдарга маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн автоматташтырылган система ишке кирди;

- «Чалдыбар» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пункттарына жакын жерлерге товарларды каттоонун стационардык пункттун куруу боюнча иштер аяктоодо;

- чек ара аймактарындагы оор салмакты көзөмөлдөөчү автоматташтырылган система жайылтылды. Мындай системалар Чүй облусундагы Ак-Тилек жана Чалдовар, Талас облусундагы Чоң-Капка постторуна орнотулду;

- Кыргыз Республикасына унаа (бензовоз) менен нефть, мунай заттарын, экологиялык күйүүчү май жана башка мунай заттарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди. 

 

 

Тэги: ЕАЭС контрабанда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу