Кыргызстан жүктөрдүн транзиттик агымына көзөмөлдү күчөтөт

07.09.2022, 10:30 Акчабар
Кыргызстан жүктөрдүн транзиттик агымына көзөмөлдү күчөтөт

Президент Садыр Жапаров "Контрабандага жана товарларды Кыргызстандын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты Улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого, контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү болуп саналат.

Документте министрлер кабинети үчүнчү өлкөлөр жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында импорттолгон товарлардын толук эсебин камсыздашы керек деп айтылат. Алар ошондой эле өлкөгө контрабандалык жол менен алынып келинген же эсепке алынбаган товарларды, контрабанда үчүн колдонулган унааларды конфискациялашат.

Ошондой эле Кыргызстандын өкмөтү товарларды ташып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузган ташуучулардын транспорт каражаттары үчүн адистештирилген токтотуучу жайларды киргизүүсү керек. Дагы бир пункт Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргызстан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге өтүүчү товарлардын транзиттик агымына күчөтүлгөн көзөмөлдү киргизүүнү карайт.

Тэги: транзитный груз Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу