Бүгүнкү күндө Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 345 миллион 142,7 миң доллар тартты, бул убада кылынган жардамдын 44,5% түзөт.
Каражаттын көпчүлүгү республикага насыя түрүндө берилет.
Кыргызстандын COVID-19 менен күрөшүүдөгү негизги насыячысы Эл аралык Валюта Фондусу болуп саналат, ага жалпы колдоонун 31,2% туура келет.