Буудай сатып алууга 1.5 млрд сом бөлүндү

23.10.2021, 11:46 Акчабар
Буудай сатып алууга 1.5 млрд сом бөлүндү

Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

"Буудай сатып алууга бюджеттен 1.5 миллиард сом, өсүмдүк майы менен кант сатып алууга дагы 300 миллион сом бөлүндү", - деди мамлекет башчысы.

Ал кошумчалагандай, 3 миңден ашуун дыйкан мамлекеттен субсидия алышкан.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо Кыргызстандын өзүнүн потенциалын кеңейтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Алсак, карантиндик пункттар ачылды, жалпы аянты 1,7 миң гектар болгон жаңы сугат жерлер өздөштүрүлдү.
 

“Биз Кытай Эл Республикасынан эки ирригациялык объектти ишке ашырууга грант алдык”, - деп кошумчалады Жапаров.

Тэги: президент Садыр Жапаров продовольственная безопасность Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу